Урматтуу мекендештер, ардактуу кесиптештер!
Сиздерди Кыргыз тили күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Кыргыз тили — элибиздин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын муундан муунга жеткирип келе жаткан ыйык мурас. Эне тилибизди урматтоо, сактоо жана өнүктүрүү — ар бирибиздин мекен алдындагы маанилүү милдетибиз.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын ишмердүүлүгү буга чейин негизинен расмий тилде жүргүзүлүп келген. Мен ишканага жетекчи болуп келгенден кийин алгачкы чыгарган буйруктарымдын бири — иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү жолго коюу боюнча тапшырма болду.
Бул чечим — жөн гана иш кагаздарын бир тилден экинчи тилге өткөрүү эмес, мамлекеттик тилдин коомдогу жана эмгек жамаатындагы ордун бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам. Кыргыз тилин урматтоо — элибизди, тарыхыбызды жана улуттук баалуулуктарыбызды урматтоо деп эсептейм.
Ар бир мамлекеттик жана коомдук мекемеде, ар бир ишканада кыргыз тилинин кеңири колдонулушу анын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Биз да «Кыргызнефтегаз» ААКда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана аны иш кагаздарын жүргүзүүдө кеңири колдонууга мындан ары да өзгөчө көңүл бурабыз.
Эне тилибиздин кадыры артып, кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун!
Кыргыз тилибиз түбөлүк жашасын!
Урматтоо менен,
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы
Самсаалы Четимбаев