"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК


«Кыргызнефтегаз» Ачык акционердик коому механикалык устаканада түздөн-түз бургуулардагы жабдууларды оңдоо иштери менен алектенген слесарь-ремонтчу (3-разряд) кесибине 1 (бир) бош орун бар экенин маалымдайт.
13-10-2025 Модератор

ЖАРЫЯ!

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому механикалык устаканаларга түздөн-түз бургуулардагы жабдууларды оңдоо иштери менен алектенген слесарь-ремонтчу (3-разряд) кесибине 1 (бир) бош орун бар экенин маалымдайт.

Талаптар:

  • иш багыты боюнча орто-кесиптик (техникалык) билим;

  • слесарь-ремонтчу күбөлүгүнүн (удостоверение) болушу;

  • практикалык иш тажрыйбасы — кеминде 3 жыл;

  • оңдоо иштеринде тажрыйбасы болушу;

  • чиймелерди, пландарды жана схемаларды окуй билүү;

  • оңдоло турган жабдуулардын, агрегаттардын жана машиналардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүн билүү;

  • жабдууларды, агрегаттарды жана машиналарды оңдоо, чогултуу, сыноо, жөндөө жана туура орнотуу боюнча техникалык шарттарды билүү;

  • жабдууларды оңдоонун, чогултуунун жана орнотуунун технологиялык процесстерин билүү;

  • деталдардын мөөнөтүнөн мурда эскиришин аныктоо ыкмаларын билүү;

  • токарь, фрезердик, бургулоо жана түтүк жип кесүүчү станокторду (станок жөндөөчү катары) жөндөөнү жана оңдоону билүү жөндөмү артыкчылык берет;

  • жөндөмдүүлүктөр: үйрөнүүчүлүк, жоопкерчилик.

Кызматтык милдеттери:

  • татаал жабдууларды, агрегаттарды жана машиналарды оңдоо, орнотуу, демонтаждоо, сыноо, жөндөө жана оңдоодон кийин тапшыруу;

  • тетиктерди жана түйүндөрдү 6–7 квалитетке ылайык слесардык иштетүү;

  • түйүндөрдү жана жабдууларды тыгыз жана татаал отургузуу шарттарында ажыратуу, оңдоо жана чогултуу;

  • жабдуулардын техникалык абалын жана оңдоо иштеринин сапатын текшерүүгө катышуу;

  • жүк көтөрүүчү жана транспорттук механизмдерди, атайын шаймандарды колдонуу менен такелаж иштерин аткаруу;

  • ички эмгек тартибинин эрежелерин, эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария жана өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактоо.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • конкурс комиссиясынын төрагасынын атына жеке арыз;

  • эки сүрөт тиркелген анкета;

  • паспорттун көчүрмөсү;

  • билим берүү документтеринин көчүрмөлөрү;

  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

  • соттуулугу жоктугу тууралуу документ;

  • аскердик билеттин көчүрмөсү.

Конкурска катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 20-октябрына чейин, саат 8:00дөн 17:00гө чейин,
ОАО «Кыргызнефтегаз» расмий сайтында жарыя жарык көргөн учурдан тартып төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кочкор-Ата шаары, Транспортная көчөсү, 22, “КУБР” ОАО «Кыргызнефтегаз» кадрлар бөлүмү.

Конкурс 2025-жылдын 22-октябрында саат 14:00дө
ушул эле даректе — Кочкор-Ата шаары, Транспортная көчөсү, 22 — өтөт.