ЖАРЫЯ!
«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому курулуш-монтаждоо участогуна «слесарь-монтажник III разряд» кесиби боюнча конкурс жарыялайт – 1 вакансия.
Кесиптик билим деңгээли:
· Орто кесиптик билим
· Сертификат
Иш стажы жана тажрыйба:
· Тийиштүү кесиптик чөйрөдө иш стажы
Талаптар:
· Ширетүүчү аппараттар менен иштей билүү;
· САГК (сварочный автоматический газокислородный комплекс) менен иштөө жөндөмү;
· Автоген менен иштөө тажрыйбасы;
· Металл конструкцияларын, түтүктөрдү жана жабдууларды монтаждоо технологиясын билүү;
· Схемаларды, техникалык чертеждерди жана эскиздерди окуй билүү;
· Арматуранын түрлөрү, болттор, гайкалар жана алардын колдонуу эрежелери жөнүндө маалымат;
· Топтомдорду чогултуу, тууралоо жана жөндөө ыкмаларын билүү.
Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер:
· Конкурс комиссиясынын төрагасына жеке арыз;
· Эки сүрөт тиркелген анкета;
· Паспорттун көчүрмөсү;
· Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
· Билим тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
- Соттуулугу жок экендигин тастыктаган документ;
Документтер конкурска катышуу үчүн 17.12.2025-жылга чейин кабыл алынат, жарыяланган күндөн тартып саат 8:00дөн 17:00гө чейин, дарек: Кочкор-Ата шаары, Ленин көч., 44.
Конкурс ОАО «Кыргызнефтегаз» башкаруу аппаратынын имаратында 19.12.2025-жылы саат 10:00дɵ өткөрүлөт. Дарек: Кочкор-Ата шаары, Ленин көч., 44.