ЖАРЫЯ!
«Кыргызнефтегаз» ААКнын мунай жана газ өндүрүү башкармалыгы электроборборлор жана электроснабжение участогундагы «Нефть жана газ казып алуу участокторунда түз иштеген электрооборудованиелерди оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтер – 2-разряд» деген бош кызмат ордуна 1 вакансия боюнча конкурс жарыялайт.
Талаптар:
-
орто жалпы, орто техникалык же орто кесиптик билим;
-
бул адистик боюнча кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы, же энергетика багытында жогорку билим тууралуу диплом.
Кызматтык милдеттер:
-
ведомстволук электр станцияларында, трансформатордук подстанцияларда чыңалууну толук өчүрүү менен жөнөкөй иштерди аткаруу;
-
1000 Вольтко чейинки жана андан жогору электрооборудованиелерди ремонтоо, кароо жана техникалык тейлөө иштерине катышуу, ошондой эле электр приборлорун демонтаждоо, монтаждоо, тууралоо жана тейлөө иштерин жүргүзүү.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
-
конкурстук комиссиянын төрагасына жазылган жеке арыз;
-
эки сүрөтү тиркелген анкета;
-
паспорттун көчүрмөсү;
-
билим берүү документтеринин көчүрмөлөрү;
-
эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
-
аскердик билеттин көчүрмөсү;
-
өчүрүлбөгөн же алынбаган соттуулугу жок экенин тастыктаган документ.
Документтерди кабыл алуу тартиби:
Конкурска катышуу үчүн документтер 17.12.2025-жылга чейин (кошо алганда), саат 8:00дөн 17:00гө чейин, жарыя «Кыргызнефтегаз» ААКнын сайтында чыккан учурдан тартып төмөнкү даректе кабыл алынат:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү 1, “Кыргызнефтегаз” ААКнын нефтегаз казып алуу башкармалыгынын кадрлар бөлүмү.
Конкурстун өтүү убактысы жана жери:
Конкурс 19.12.2025-жылы саат 10:00дө, төмөнкү даректе өтөт:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү 1, “Кыргызнефтегаз” ААКнын нефтегаз казып алуу башкармалыгы.