"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК


ЖАРЫЯ! Ачык акционердик коом «Кыргызнефтегаз» капиталдык курулуш бөлүмүндөгү инженер-сметчи (2-категория) бош кызмат ордуна 1 вакансия боюнча конкурс жарыялайт.
09-12-2025 Модератор

ЖАРЫЯ!

Ачык акционердик коом «Кыргызнефтегаз» капиталдык курулуш бөлүмүндөгү инженер-сметчи (2-категория) бош кызмат ордуна 1 вакансия боюнча конкурс жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:

  • жогорку (кесиптик) билим;

  • инженер-сметчи катары кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы;

  • компьютерди колдонуунун колдонуучу деңгээлинде билиши.

Кызматтык милдеттер:

  • сметалык документтерди түзүү жана текшерүү;

  • иштин жана материалдардын көлөмүн эсептөө;

  • тендердик документтерди даярдоо;

  • аткарылган иштерди кабыл алууга катышуу жана долбоордук документтерге шайкештигин көзөмөлдөө;

  • адистештирилген сметалык программалар менен иштөө ж.б.

Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасына жазылган жеке арыз;

  • эки сүрөт тиркелген анкета;

  • паспорттун көчүрмөсү;

  • билим берүү боюнча документтердин көчүрмөлөрү;

  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

  • өчүрүлбөгөн же алынбаган соттуулугу жок экенин тастыктаган документ;

  • аскердик билеттин көчүрмөсү.

Документтерди кабыл алуу тартиби:

Конкурска катышуу үчүн документтер 19.12.2025-жылга чейин (кошо алганда), саат 8:00дөн 17:00гө чейин, жарыя «Кыргызнефтегаз» ААКнын сайтында жарыяланган учурдан баштап төмөнкү даректе кабыл алынат:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү 44.

Конкурстун өтүү убактысы жана жери:

Конкурс 23.12.2025-жылы саат 14:30да төмөнкү даректе өтөт:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү 44, «Кыргызнефтегаз» ААКнын аппараттык башкармалыгы.