"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК


ЖАРЫЯ! «Кыргызнефтегаз» ААКнын мунай жана газ өндүрүү башкармалыгы административдик–чарбалык кызматка кызматтык жайларды тазалоочу (уборщица) боюнча 1 вакансияга конкурс жарыялайт.
09-12-2025 Модератор

ЖАРЫЯ!

«Кыргызнефтегаз» ААКнын мунай жана газ өндүрүү башкармалыгы административдик–чарбалык кызматка кызматтык жайларды тазалоочу (уборщица) боюнча 1 вакансияга конкурс жарыялайт.

Талаптар:

  • орто жалпы же орто кесиптик билим.

Кызматтык милдеттер:

  • ички эмгек тартибинин негизги эрежелерин билүү;

  • тазалоо иштерин жүргүзүүдө эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо;

  • иш бөлмөлөрүн, кабылдаманы жана башка кызматтык жайларды тазалоо;

  • коридорлорду, тепкичтерди жана башка жалпы колдонуудагы зоналарды тазалоо;

  • санитардык түйүндөрдү жана тазалоочу инвентарларды жууп-тазалоо;

  • өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо.

Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасына жазылган жеке арыз;

  • эки сүрөтү тиркелген анкета;

  • паспорттун көчүрмөсү;

  • билим тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;

  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

  • өчүрүлбөгөн же алынбаган соттуулугу жок экенин тастыктаган документ.

Документтерди кабыл алуу тартиби:

Документтер «Кыргызнефтегаз» ААКнын нефтегаз казып алуу башкармалыгынын кадрлар бөлүмүндө
17.12.2025-жылга чейин (кошо алганда), саат 8:00дөн 17:00гө чейин, жарыя сайтка жарыяланган учурдан баштап төмөнкү даректе кабыл алынат:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү 1.

Конкурстун өтүү убактысы жана жери:

Конкурс 19.12.2025-жылы саат 10:00дө төмөнкү даректе өтөт:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү 1, «Кыргызнефтегаз» ААКнын нефтегаз казып алуу башкармалыгы.