«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов ишкананын алдынкы 5 жыл аралыгында аткарылуучу инвестициялык долбоору боюнча маалымат берди.

https://www.youtube.com/watch?v=9zSIGBv3osU
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов ишкананын алдынкы 5 жыл аралыгында аткарылуучу инвестициялык долбоору боюнча маалымат берди.
Долбоордун алкагында 5 жыл ичинде жылына 40 скважинадан 200 жаны эксплуатациялык скважинаны бургулоо пландалып жатканын айтып берди.
Ошондой эле Н. Нишанов «Кыргыз Петролеум Компани» мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо багытында аткарылып жаткан жумуштар боюнча токтолуп өттү.
https://www.youtube.com/watch?v=9zSIGBv3osU
Подробнее

Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты. Ошондой эле ишкананын жаңыланган профилакторийинин ачылышына катышты.
Акылбек Жапаров 2023-жылы негизги басым социалдык объектилерди, анын ичинде ооруканаларды, медициналык борборлорду курууга жасаларын айтты.
Белгилей кетсек, жыл ичинде аталган профилакторийде «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 800дөн ашуун кызматкери дарыланууда.
«Нефтчи» Профилакториясы жаны заманбап медициналык шаймандар менен камсыздалган. Мында нерв ооруларынын астын алып дарылайт. Артрит, полуартирит жана башка оорулар. Профилакторияда минерал суу, парафин, электрофорез, электро массаж, световая ванна, куф, массаж жана башка ыкмалар менен дарлоо жүргүзүлөт.
Подробнее