"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК


Ж А Р Ы Я ! «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун технологиялык транспорт башкармасы энерго-механикалык кызматына 3-разряддагы электромонтер кесибине бир бош орунга конкурс жарыялайт
13-03-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун технологиялык транспорт башкармасы энерго-механикалык кызматына 3-разряддагы электромонтер кесибине бир бош орунга  конкурс жарыялайт

 

Негизги квалификациялык талаптар:

 

-  орто кесиптик же атайын орто билим (электрик, электромонтер багыты боюнча).

-  электр тармагында иштеген үч жылдан кем эмес эмгек стажы (эмгек китепчеси менен

    тастыкталган)

-  электромонтер квалификациясы 3-разряддан кем эмес

-  электро приборлору менен кенен иштей алган жана электрожабдыктарын тейлеген.

-  кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу жоктугу

 

 

 Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

 

а)  конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган өз арызы;

б)  эки сүрөт (3x4 өлчөмүндө);

в)  паспорттун көчүрмөсү;

г)  эмгек китепченин көчүрмөсү;

д)  жоюлбаган же алып салынбаган соттолгондугу жок экендигин ырастоочу  документ;

е) аскердик билеттин көчүрмөсү;

ж) электромонтердун күбөлүгү;

 

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон  документтер  «Кыргызнефтегаз» ААКнын  сайтына  жарыяланган күндөн  тартып 23.03.2026-жылдан кечиктирилбей  төмөнкү даректе кабыл алынат:  Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү-74.  Байланыш үчүн телефон: (03734) 5-32-52. Электрондук почта дареги: utt@kng.kg

 

Конкурс  25.03.2026-ж.  саат 14.30  Кочкор-Ата шаарында,

Ленин  көчөсү-74  «Кыргызнефтегаз» ААКнун

технологиялык транспорт башкармасында өткөрүлөт