«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому газды сатуу участогуна «Газ жабдууларын эксплуатациялоо жана оңдоо боюнча 2-разряддагы слесарь» жумушчу кесибине 1 бош орунга ачык конкурс жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
-
тиешелүү багыт боюнча орто кесиптик же атайын орто билим;
-
тиешелүү кесиптик тармакта 1 жылдан 3 жылга чейин эмгек стажы.
Кызматтык милдеттери:
-
газ жабдууларын, газ түтүктөрүн жана газ приборлорун техникалык тейлөө;
-
газ системаларынын абалын текшерүү, кароо жана диагностика жүргүзүү;
-
газ жабдууларын, арматураларын, приборлорун жана түйүндөрүн оңдоо;
-
газ агып кетүүсүн жана башка мүчүлүштүктөрдү жоюу;
-
газ приборлорун жана жабдууларын монтаждоо жана демонтаждоо;
-
газ түтүктөрүнүн жана жабдуулардын туташууларынын герметикалуулугун текшерүү;
-
профилактикалык кароолорду жана пландуу алдын алуу оңдоолорун жүргүзүү;
-
газ менен иштөөдө коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
-
конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;
-
эки сүрөт тиркелген анкета;
-
паспорттун көчүрмөсү;
-
билим жөнүндө дипломдун жана сертификаттардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
-
эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
-
жоюлбаган же алып салынбаган соттолгондугу жок экендигин тастыктаган документ.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер 24.03.2026-жылга чейин, саат 08:00дөн 17:00гө чейин, «Кыргызнефтегаз» ААКнын сайтында жарыяланган күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44.
Байланыш телефону: (03734) 5-30-67
Конкурс 27.03.2026-жылы саат 10:00дө
«Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкаруу аппаратында төмөнкү даректе өткөрүлөт:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44.