"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК


Ж А Р Ы Я! «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому газды сатуу участогуна «контролёр» жумушчу кесибине 1 бош орунга ачык конкурс жарыялайт.
16-03-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому газды сатуу участогуна «контролёр» жумушчу кесибине 1 бош орунга ачык конкурс жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:

  • орто кесиптик же атайын орто билим;

  • тиешелүү кесиптик тармакта кеминде 1 жыл эмгек стажы.

Кызматтык милдеттери:

  • калктан газ пайдалануу кызматтары үчүн төлөмдөрдү белгиленген тарифтерге ылайык өз убагында чогултуу;

  • жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишимдердин түзүлүшүн жана бар экендигин көзөмөлдөө;

  • абоненттерге газ кызматтары үчүн төлөм жүргүзгөн учурда номерленген төлөм документтерин (квитанцияларды) берүү;

  • калктан түшкөн акча каражаттарын күн сайын банкка өткөрүп берүү;

  • абоненттердин санын эсепке алуу, анын ичинде жылытуу аянтын жана газ төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди эсепке алуу;

  • газ пайдалануу эрежелерин бузган же газ үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөн абоненттерди газ камсыздоодон ажыратуу боюнча тизмелерди өз убагында даярдоо.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;

  • эки сүрөт тиркелген анкета;

  • паспорттун көчүрмөсү;

  • билим жөнүндө дипломдун жана сертификаттардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

  • эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

  • жоюлбаган же алып салынбаган соттолгондугу жок экендигин тастыктаган документ.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер 24.03.2026-жылга чейин, саат 08:00дөн 17:00гө чейин, «Кыргызнефтегаз» ААКнын сайтында жарыяланган күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44.
Байланыш телефону: (03734) 5-30-67

Конкурс 27.03.2026-жылы саат 10:00дө
«Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкаруу аппаратында төмөнкү даректе өткөрүлөт:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44.