"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК


Ж А Р Ы Я! «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому суу менен камсыздоо участогуна «Суу түтүк жана канализация тармактарын айланып текшерүүчү (обходчик) 4-разряд» жумушчу кесибине 1 бош орунга ачык конкурс жарыялайт.
16-03-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому суу менен камсыздоо участогуна «Суу түтүк жана канализация тармактарын айланып текшерүүчү (обходчик) 4-разряд» жумушчу кесибине 1 бош орунга ачык конкурс жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:

  • орто атайын же жогорку билим;

  • тиешелүү кесиптик тармакта кеминде 1 жыл эмгек стажы (каалоого ылайык).

Кызматтык милдеттери:

  • суу түтүк линияларын жана канализация тармактарын толук айланып текшерүү;

  • бузулган түтүктөр аркылуу ичүүчү суунун агып кетүүсүн аныктоо;

  • суу түтүк жана канализация системаларын пайдалануу нормаларынын сакталышын көзөмөлдөө;

  • суу түтүк линиялары менен канализация тармактарынын жайгашуусун, ошондой эле суу жана канализация системаларынын түзүлүшүн жана техникалык мүнөздөмөлөрүн билүү.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;

  • эки сүрөт тиркелген анкета;

  • паспорттун көчүрмөсү;

  • билим жөнүндө дипломдун жана сертификаттардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

  • эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

  • жоюлбаган же алып салынбаган соттолгондугу жок экендигин тастыктаган документ.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер 24.03.2026-жылга чейин, саат 08:00дөн 17:00гө чейин, «Кыргызнефтегаз» ААКнын сайтында жарыяланган күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44.
Байланыш телефону: (03734) 5-30-67

Конкурс 27.03.2026-жылы саат 14:30да
«Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкаруу аппаратында төмөнкү даректе өткөрүлөт:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44.