"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК


Ж А Р Ы Я! «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому суу менен камсыздоо участогуна «Авариялык-калыбына келтирүү иштеринин слесары 2-разряд» жумушчу кесибине 1 бош орунга ачык конкурс жарыялайт.
16-03-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому суу менен камсыздоо участогуна «Авариялык-калыбына келтирүү иштеринин слесары 2-разряд» жумушчу кесибине 1 бош орунга ачык конкурс жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:

  • орто атайын же жогорку билим;

  • тиешелүү кесиптик тармакта кеминде 3 жыл эмгек стажы (каалоого ылайык).

Кызматтык милдеттери:

  • суу түтүк тармактарын оңдоо иштерин жүргүзүү;

  • суу алуу колонкаларынын жана задвижкалардын бузулууларын жана агып кетүүлөрүн аныктоо;

  • канализация тармактарын жана коллекторлорду тазалоо, тыгылууларды ийкем вал, суу агымы жана автонасостордун жардамы менен гидравликалык басым ыкмасы аркылуу жоюу;

  • саркынды суу менен иштөөдө колдонулуучу тростордун жарактуулугун текшерүү, төмөн жайгашкан кудуктардан чөкмөлөрдү алуу;

  • жер казуу иштерин кол менен жана механикалык ыкма менен жүргүзүү, иштеп жаткан суу түтүк жана канализация тармактарын оңдоо;

  • жабдууларды жана орнотмолорду оңдоо иштерине катышуу.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;

  • эки сүрөт тиркелген анкета;

  • паспорттун көчүрмөсү;

  • билим жөнүндө дипломдун жана сертификаттардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

  • эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

  • жоюлбаган же алып салынбаган соттолгондугу жок экендигин тастыктаган документ.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер 24.03.2026-жылга чейин, саат 08:00дөн 17:00гө чейин, «Кыргызнефтегаз» ААКнын сайтында жарыяланган күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44.
Байланыш телефону: (03734) 5-30-67

Конкурс 27.03.2026-жылы саат 14:30да
«Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкаруу аппаратында төмөнкү даректе өткөрүлөт:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44.