"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК


Ж А Р Ы Я! «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому №2 “Тюльпан” мектепке чейинки билим берүү уюмуна тарбиячы кызмат ордуна 1 бош орунга ачык конкурс жарыялайт.
16-03-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому №2 “Тюльпан” мектепке чейинки билим берүү уюмуна тарбиячы кызмат ордуна 1 бош орунга ачык конкурс жарыялайт.

Талаптар:

  • жогорку педагогикалык билим;

  • адистиги боюнча кеминде 5 жыл эмгек стажы.

Кызматтык милдеттери жана билими:

  • мектепке чейинки билим берүү тармагындагы жогору турган органдардын мыйзамдарын, токтомдорун, буйруктарын, көрсөтмөлөрүн жана башка ченемдик документтерин билүү;

  • Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны билүү;

  • бала бакчадагы тарбия берүү программаларын билүү;

  • мектепке чейинки педагогиканын, психологиянын, жаш өзгөчөлүк физиологиясынын жана гигиенанын негиздерин билүү;

  • медициналык алгачкы жардам көрсөтүүнүн негиздерин билүү;

  • тарбиялык иштердин теориясын жана методикасын билүү;

  • балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо эрежелерин сактоо;

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин билүү;

  • эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария жана өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактоо;

  • ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоо.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;

  • эки сүрөт тиркелген анкета;

  • паспорттун көчүрмөсү;

  • эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

  • билим жөнүндө дипломдун жана сертификаттардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

  • жоюлбаган же алып салынбаган соттолгондугу жок экендигин тастыктаган документ.

Конкурска катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 23-мартка чейин (кошкондо), жарыя «Кыргызнефтегаз» ААКнын расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып саат 08:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44.
Байланыш телефону: (03734) 5-30-67.

Конкурс 2026-жылдын 26-мартта саат 14:30да
«Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкаруу аппаратында төмөнкү даректе өткөрүлөт:
Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44.