Алдамчылардын торуна түшүп калуудан сак болуңуз!

Урматтуу кыргызстандыктар! Учурда интернет булактарында “Кыргызнефтегаз” ААКнун атын жамынган белгисиз тараптар жалган маалыматтарды таратууда!

Тактап айтканда https://privatelyinvestor.com аталышындагы сайтында “Кыргызнефтегаз өлкөнүн бардык тургундары үчүн микро-инвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты” деген чындыка дал келбеген маалымат таратууда. Мыйзамсыз аракеттери менен жарандарды инвестор катары акча каражаттарын салууга үндөп жатат.

Мындан улам “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгы жогорудагы маалыматтарды жалган экенин белгилейбиз. Алдамчылардын торуна түшүп, аларга акча каражаттарын салбоого чакырабыз. Алдамчылардын олжосуна айланып калуудан сак болуңуздар!

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому боюнча расмий маалыматтар https://kng.kg сайттына гана чыгарылат.

Жогорудагы жалган маалыматтарды чектөөгө алуу үчүн жана анын уюштуруучуларын жооперчилике тартуу үчүн тийиштүү укук коргоо органдарына билдирүү берилди.

Эскертме: Алдамчылыкка кабылган жарандар үчүн “Кыргызнефтегаз” ишканасы эч кандай жоопкерчилик албайт

Подробнее

2023-жылдын жарым жыл аралыгында аткарылган жумуштар!

“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов акционердик коомдун карамагында турган баардык мекемелердеги эмгек жамааттары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Нишанов 2023-жылдын 2-кварталынын өндүрүштүк- экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп өттү.

“Кыргызнефтегаз” ишканасы 2023-жылдын 2-кварталында  82 217 тонна мунай өндүрүү пландалса, а бирок  иш жүзүндө 89 550 тоннага аткарылды. Башкача айтканда планга салыштырмалуу 7 333 тонна көп өндүрүлүп, биринчи үч айлыкта чийки мунайды өндүрүү 108 %га аткарылганын айтты.

Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания жарым жылдыкта 16 млн 208 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 128 %ды түзүүдө.

2023-жылдын жарым жылдыктын жыйынтыгында  1 млрд 205 млн сом таза киреше табууга жетишкенин белгилеп өттү.

Н.Нишанов курулуш жумуштары аяктап, эс алуучуларды кабыл алып, иштеп жаткан “Зорька” балдардын эс алуу борбору жана Чолпон-Ата шаарындагы “Нефтчи” эс алуу зонасы боюнча токтолуп өттү.

Төрага алдыда жумушчулар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында иштер жүрүп жатканын айтып өттү. Ошондой эле Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводду жанылоо багытындагы экинчи этаптагы жумуштары башталганын белгиледи. Эми экинчи этапта каржылоо булактарын табуу жумуштары алып барылат.

Н. Нишанов жыйындын жүрүшүндө жумушчулардын суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Подробнее

Базар-Коргондо «Кыргызнефтегаз» ААКнун  «Зорька» эс алуу жайына 300 орундуу коттедж курулду

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында   жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ААКнун  “Зорька” эс алуу жайына 300 орундуу  10  коттедж пайдаланууга берилди. Жаныдан буткон заманбап имаратка 300 бала кабыл алынып, учурда алар эс алып жатышат. Андагы жайдын абалы менен  КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу окулу Абсаттар Сыргабаев, «Кыргызнефтегаз» ААКтун жетекчиси Нургазы Нишанов жана аталган мекеменин директорлор кенешинин торагасы Тынарбек Мисиралиев таанышып чыгышты.

“Кыргызнефтегаз” ААКнун профсоюз уюмунун төрагасы Акынбек Раимкуловдун айтымында, андагы балдар эс алуучу жайдын имараттары 1964-жылдары курулган.акыркы 10 жылдан бери балдар жаткан корпустарды жанылоо боюнча маселе которулуп келген.

-Кезинде мындагы лагерде бир учурда 500 бала эс алчу. Бара-бара имараттар эскирип 280дей баланы кабыл алып калганбыз. Акыркы жылдары дал ушул лагерди ондоо боюнча жетекчиликтерге айтып келгенбиз. Былтыр 10 корпусту куруу боюнча курулуш иши башталган, быйылкы жылы июнь айына толук буткорулуп, балдар жаны имаратка кабыл алынды. Коттедждердин ичинде жуунчу жайы,ажатканасына чейин киргизилди. Заманбап шарт жаратуу учун канализация маселеси жолго коюлду. Лагер аймагында тротуарлар кошо салынды. Бул мумкунчулуктубиз коп жылданбери кутуп келгенбиз,буйруса ишке да ашыраалдык-дейт ал.

Биринчи агымда эс алып жаткан балдардын майрамдык салтанатында «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчиси Нургазы Нишанов балдар учун ар дайым камкордук болоорун белгилеп, быйылкы жылы балдарды кабыл алуу токтогондон кийин дагы 10 коттедж куруу жумушу башталаарын белгиледи.

-Азыр 300 бала эс алып атасыздар, дагы 10 коттедж салынса бир учурда 600 бала эс алууга  шарт жаратылат. Ашканалар жаныланат. Балдар эн сонун эс алып кетууго мындан ары да  мумкунчулуктор  тузулот-деди ал.

Облус башчысы өлкөдөгү ири өндүрүштүк мекеме болгон “Кыргызнефтегаз” ишканасы өзүнүн экономикалык киреше бөлүгүн арттыруу менен гана чектелбей, аймактагы социалдык турмушта да өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

“Зорька” эс алуу жайы негизинен «Кыргызнефтегаз» ишканасында эмгектенген кызматкерлердин балдарын жайкы эс алуусун уюштурууга багытталган. Бул жылы анда жалпы беш агымды кабыл алуу пландаштырылып жатат. Ошондой эле  Кочкор-Ата шаар мэриясы да балдарды эс алдыра алат. Келишим негизде башка мекемелердин балдары да кабыл алынат.

Мындагы мекеменин Арстанбапта кызматкерлер учун да эс алуучу жайы бар.  Ал эми быйылкы жылы биринчи жолу кызматкерлер учун  Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Нефтчи» эс алуу зонасы ачылды. Мында бир эле учурда 48 адам эс алууга ылайыкташкан.

Подробнее