Президент Садыр Жапаров «Кыргызнефтегаз» ААКнын алдындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгү менен таанышты





Жыйындын жүрүшүндө прокурор Замирбек Жумабеков мамлекеттеги мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актыларда өзгөртүүлөр турасында маалымат берди. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү иш чараларын талкуулашты.
Ар жыл сайын 9-декабрда дүйнө жүзү боюнча коррупция менен күрөшүүнүн Эл аралык күнү белгиленет. Коррупция экономиканын өсүшүн басаңдатат. Мындан улам коррупция менен күрөшүү багытында үзгүлтүксүз иш пландарды жүргүзүү боюнча жыйында талкуу жүрдү.
♦ Ишкана тарыхында жаңы баскычка көтөрүлө алды. Киреше мурунку жылга салыштырмалуу үч жарым эсеге көбөйдү. Жаш, билимдүү адистердин эмгеги зор. Төрага М.Тургунбаев жыл соңуна чейин төрт жарым эсеге көтөрүүнүн аракетинде.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы акыркы куралдуу чыр-чатактар, өспүрүмдөрдүн психологиясына терс таасир эткени белгилүү. Мындан улам балдарды колдоо максатында, Баткендин 100го жакын өспүрүмдүн эс алуусу Арстанбапта уюштурулду.
“Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Мелис Тургунбаевдин жеке демилгеси менен Баткенден келген балдардын эс алуусу уюштурулду. “Кыргызнефтегазга” караштуу “Зорька” лагеринде санитардык баардык эрежелер сакталып, коопсуздук чаралары көрүлгөн.
Өспүрүмдөрдүн көңүлдүү эс алуусу үчүн «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому тарабынан бардык ыңгайлуу шарттар жаратылган. Тамак-ашынын сапатына чоң маани берилип, балдардын коопсуздугуна көңүл бурулган.
Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ААКсына таандык №5-Бала бакчанын ашканасында өрт чыкты. Мындай билдирүү таң эрте тийиштүү кызмат өкүлдөрүнө билдирилди . Мындан максат өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда бала бакча казматкерлери кандай чара көрүш керек. Алардын аракетине келген комиция байкоо салып турушту.
Өрт чыккан учурдагы аракеттер, эвакуациялоо жана жабыркагандарды коопсуз аймака жеткирүүгө бала бакча кызматкерлери аракет кылып жатышты. Жабыркагандарга алгачкы жардам көргөзүлдү. Өрт өчүрүү кызматына билдирүү берилип, чакырылды.
Күтүлбөгөн учурда өзгөчө кырдаалдарда мекеме ишканалардын куткаруу абалын текшерүү болчу. Ишчарага “Кыргызнефтегаз” ААКсына караштуу газ сатуу бөлөмө жана өрт өчүрүү кызматы ошондой эле коопсуздук кызматынын жумушчулары катышты.
Мындай иш чара 2021-жылга “Кыргызнефтегаз”ААКнын жарандык коргонуу боюнча даярдык иш мерчеминин алкагында жүргүзүлдү. Машугуулар айсайын “Кыргызнефтегаз” ААКсына таандык баардык башкармалыктарда өткөрүлүп турат.
Алгачкылардан болуп, “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкы инженери Зайырбек Ажикулов сөз сүйлөп, жашообуздагы айымдардын орду зор экенин белгилеп, жумушта дагы кесипкөй айымдардын өндүрүштөгү салымы чон экенин айтып, баардык айымдарды куттуктап өттү.
Мырзалардын куттуктоолорунан кийин айымдарга гүл жана атайын даярдалган белектер тапшырылды. “Кыргызнефтегаз” ААКнун төрагасы М. Тургунбаевдин атынан баардык башкармалыкта, бөлүмдөрдө иштеган айымдарга шириндиктер, таттуулар белеке берилип, куттуктоолор жөнөтөлдү.
Введите поисковый запрос или тему.